Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:17
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 6-апрелде аяктайт

05.04.2023 12:46
234
Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 6-апрелде аяктайт

Жалпы республикалык тестке каттоо 6-апрелде аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Тестке каттоо мектепте окуган абитуриенттер үчүн окуган жайларда уюштурулуп, мурдагы жылдардын бүтүрүчүлөрү шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн өтүшөт.

Каттоодон өтүү үчүн керек болгон документтер:
• паспорт (же, паспорт ала элек болсо, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк);
• орто билим жөнүндөгү аттестат (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн);
• ЖРТга каттоо акысы төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;
• талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт.

Белгилей кетсек, ЖРТга каттоо 2023-жылдын 27-февралында башталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн