Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо өлкөдөгү кырдаал турукташканга чейинки мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Маалыматка ылайык, коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жылдырылган.
“Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо өлкөдөгү кырдаал турукташканга чейинки мөөнөткө жылдырылды. ЖРТны өткөрүү мөөнөтү дагы жылдырылат”, - деди Надира Жусупбекова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн