Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы быйыл бир жумага кеч чыгат. Бул тууралуу Чынара Батракеева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, быйыл окуу жылы 15-сентябрда башталганына байланыштуу ЖРТ жообу бир жумага кеч чыгат.
"Быйыл бүтүрүүчүлөр тапшырган жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 27-июндарда чыгат. Бүтүрүүчүлөр 27-июндан 4-июлга чейин тесттин сертификаттарын алат",- деди Батракеева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн