Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:46
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жалпы зыяндын өлчөмү 600 миң сом. Ысык-Көлдө мал алып берем деген алдамчы жаран кармалды

25.11.2022 10:52
273
Жалпы зыяндын өлчөмү 600 миң сом. Ысык-Көлдө мал алып берем деген алдамчы жаран кармалды

Ысык-Көл облусунда чала тааныштарын дээрлик 600 миң сомго алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматын билдирген.


Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында Каракол шаардык милицияга жергиликтүү тургун 1963-жылы туулган С.М. кайрылып, сентябрь айында ага чала тааныш “Нурадил” аттуу адам Сырт жайлоосунан 15 баш топоз сатам деп 270 миң сомун алып изин жашырып кеткенин билдирген. Кылмышкер топоздорду Сырт жайлоосундагы тайакесинен алып кетерин айтып, таекеси менен видео аркалуу сүйлөштүргөн. Жабырлануучу акчаны санап берип коюп Сырт жайлоосуна барганда андагы малчылар “Нурадил” аттуу адамды тааныбай турганын айтышкан. 270 миң сомдон тышкары “Нурадил” ар кандай шылтоолор менен дагы 57 миң сом алып кеткени белгилүү болгон.


Мындан бир күн өтүп, 22-ноябрда Каракол шаарынын 1974-жылы туулган С.А. аттуу тургуну ушул сыяктуу арыз менен кайрылып, өзүн “Алтынбек” деп тааныштырган жаран ишеничине кирип, сентябрь айында Сырт өрөөнүнөн 15 баш топоз алып келип берем деп, 280 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып, убадасын аткарбай койгонун билдирген.


Аталган маалыматтар милицияга катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин ("Алдамчылык") негизинде кылмыш иши козголгон.


Каракол шаардык милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам иштери жүргзүлүп, натыйжада алдамчылыка шектелген шектүүнүн өздүгү аныкталып, колго түшүрүлгөн. Ал мурда ушул сыяктуу кылмыштар үчүн соттолгон Каракол шаарынын 1992-жылы туулган Ж.Н. болуп чыккан.


Алдын ала сурак учурунда шектүү өз күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алып, Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүүгө карата 2-айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.


Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн