Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 07:56
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жалпыбыз үчүн улуттун саламаттыгы биринчи орунда турат, - элчи А.Жекшенкулов

18.03.2020 13:14
810
Жалпыбыз үчүн улуттун саламаттыгы биринчи орунда турат, - элчи А.Жекшенкулов


Кыргызстандын Россия Федерациясындагы ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов өлкөдө катталган коронавирус абалына байланыштуу мекендештерине кайрылуу жолдоду.    


Өз кайрылуусунда жазып чыккандай, соңку күндөрү Россиянын ар кайсы шаарларында иштеген кыргызстандыктардан ага бир топ жеке кайрылуулар болду. Анын себиби, алардын тынчын алып жаткан учурдун эң чоң көйгөйү – азырыкы маалдагы коронавирустун жайылуу коркунучу. 


"Ушул күндөрү бул маселе президент С.Жээнбековдун, өкмөттүн алдындагы эң негизги жана эң маанилүү болуп турат. Анткени, жалпыбыз үчүн улуттун саламаттыгы биринчи орунда турат. Азыр вирустун жайылышына бөгөт кылуу үчүн Кыргызстандын жетекчилиги бардык ыкчам чараларды көрүүдө", - дейт ал.


Аликбек Жекшенкулов белгилегендей, Элчилик кечээ жакында эле Россиянын жетекчилигине Кыргызстанга 7,5 миң медициналык тест өткөрүүчү системаларды акысыз бердиртти. Иранда калып, мекенине кайта алабай калган 60 оор жүк ташуучу кыргыз айдоочуларын Азербайжан аркылуу Россиянын аймагына киргизип, Казакстанга чейин РФын Бажы жана чек ара ж.б. кызматтарынын өкүлдөрү коштоп, узатып барышты.


"Андан тышкары азыркы маалда коронавирустун жайылышына бөгөт кылуучу аракеттерди РФнын расмий кызматтары менен тыгыз иш жүргүзүп жатабыз. Өзүңүздөр билгендей Россияда 11 сааттык ар түрлүү зоналар бар, ошого байланыштуу буга чейин дем-алышсыз иштеген биздин Элчилик азыр күнү-түнү тынымсыз иш алып баруу тартибине өттүп, ага байланыштуу биздин жарандарга керек болгон документтерин берүүсү 2 эсе көбөйдү", - деп кошумчалады элчи.


Анын айтуусунда, 18-марттан 1-майга чейин Россиянын аймагына кирүү боюнча убактылуу чектөө киргизилишин түшүнүү менен кабыл алуу зарыл. Бул кирген чектөө эл аралык унаа каттамдагы унаа айдоочуларына карата колдонулбайт.


"Биз маселе жөнгө салынганга чейин аракеттерди көрө беребиз деп, мен убада берем. Ден соолук баарыбызга абдан маанилүү. Алыста жүрөсүңөр, көпчүлүгүңөрдүн жумуштарыңар жеңил эмес, тескериче оор, тазалыңыгарды жана саламаттыгыңарды карагыла. Өзүңөргө сак болгула, туура эмес, такталбаган фейк маалыматтарды социалдык тарамактарда таратуудан алыс болгула, дүрбөлөңгө жол бербей, сабырдуу болгула жана Россиянын мыйзамдарын, коомдук тартиптерин, маданиятына сый мамиле кылып, аларды сактагыла", - деп кайрылды элчи өз мекендештерине.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн