Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 14:15
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Жамалбек Ырсалиев: Шаки досум берген кафени иштетип пайда табам (фото)

18.06.2020 13:52
1910
Жамалбек Ырсалиев: Шаки досум берген кафени иштетип пайда табам (фото)

Бактылуу бол ууру бир тууганым!


Атактуу Долон ашуусун ашканда Байболот деген сонун кокту бар. Ошонун оозуна тогуз жолдун тоомуна элдер эс алып кымыз ичип, шишкебек жесин, алыстан ашпозчу алып барып, андан да алыстан келген туристтерге кыргыздын меймандостугун көрсөтүп анан өзүм үчүн пул таап бизнес кылайын деп ойлогом. Кадимки, контейнерлерден кафе салып ичин зыңкыйта ремонт кылдырып, Манас атабыздын жана Саякбай атанын сүрөттөрүн тарттырып, кыскасы колумдан келишинче аракет жасап жаткам. Кол арага жараган балдарым мигрант болуп жүргөндүктөн кичүүлөрү кол арага жараганча акырындан жасай берейин деген тилегим бар эле. Анан кимдин көзүн, кимдин колун кычыштырганын билбейм, эшик терезелерин чыгарып, жөн эле чыгарбастан ага да алымсынбай талкалап кетиптир. Ким болсо да бактылуу болсун. Эч качан үйүң талкаланбасын. Меникинен чыгарып кеткен эшик, терезелерин сага көөөп жыл кызмат кылсын. Урматтуу ууру бир тууганым, мен деле сен сыяктуу оокат кылайын деп жүргөн карапайым адаммын. Мамлекеттин акчасын уурдап, же спирт менен нашаа сатып оокат кылган жерим жок. Темселеп чарба курап, мал багам, Шаки досум берген кафени иштетип пайда табам. Балдардын окуу борборун ачып аны менен элге пайдалуу иш кылсам экен деп аракет кылам. Айлык алып иштеген мамлекеттик иште эмесмин. Мамлекеттин акчасын алмак тургай мамлекетке пайдам тийсин деп, салыгын төлөп, социалдык төлөмдөрдү төлөп жана балдарыма мамлекеттен бир сом пособия албайм.


Анан менин эптеп курап салып жаткан кафемди талкалап кеткенден чыккан материал сага буюм көрүнгөн болсо, алганың аш болсун. Абдан ичим ачышты. Талкаланган кафеге эмес, сенин ошону талкалап жаткандагы кебетеңе...
Кудайдын алдына барганда да суроо болот. Ошондо да мен сени кечирем бир тууганым. Менин сенден башымды ийип тизе бүгүп суранаарым меникинен уурдаган буюмдар акыркысы болсун деп суранам. Мен сени кечирдим. Сен мени да кечир?! Эки дүйнө бактылуу бол, менин жердешим. Алыстан барган жок. Жакын эле жердеги бир туугандар болсо керек. Ким болсоң да бактылуу бол. Балдарын жакшы чыгып, акыл эстүү болуп, элдин эмгегин жебесин. Уурдаган колуң эч качан жамандык көрбөсүн. Колуң бийик көтөрүлүп, алакандарын жүзүңдү сүртүп бата кылып, Кудайдан кечирим сураган инсан бол.


Сени терең урматтоо менен Жамалбек Ырсалиев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн