Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары Жамалбек Ырсалиев эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде убактылуу кармоочу жайдан чыгарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, буга чейин Бишкек шаарынын мэринин орун басары Ы.Ж.С. тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.
Тактап айтканда, Туңгуч кичирайонундагы №36 турак жайдын жанында 6 жыл бою жеңил типтеги 4 коммерциялык объект жана 5ке жакын балдар аттракциону орнотулуп, иштетилип турган. Болжол менен 1500 чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер участогу мыйзамсыз пайдаланылган.
Ижарага берүүдөн алынбай калган 2 млн 979 миң 889 сом өлчөмүндөгү зыяндар такталган.
Мындан улам 16-июлда топтолгон материалдардын жана козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Ы.Ж.С. жана В.Н.А. аттуу жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган.
УКМК белгилегендей, тергөө учурунда Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мамлекетке келтирилген зыянды толугу менен төлөп берди.
Буга байланыштуу 18-июлда Биринчи Май райондук соту тарабынан Ы.Ж.С. жана В.Н.А. эч жакка кетпөө жөнүндө колкаттын негизинде чыгарылды.
Тергөө аяктагандан кийин материалдар айыпталуучуларга карата акыркы чечимди кабыл алуу үчүн сотко берилери айтылды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн