Кувейт кайрымдуулук фонду Биринчи май районунун тургундарына колдоо көрсөтүп, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыз кылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Район башчысы Жамалбек Ырсалиев да 150 муктаж үй-бүлөгө катуу отун (ар бирине 10 каптан көмүр) таратууга катышты.
Белгилей кетсек, буга чейин тараптар эки тараптуу кызматташуу жана өз ара жардам көрсөтүү маселелерин талкуулаган. Макулдашуулардын алкагында муктаж болгон үй-бүлөлөрдү катуу отун менен камсыздоо боюнча планыны ишке ашырылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн