Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 11:28
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.945
0.970

Жаман айгыр үйүрүнө бөрү чакырды

24.02.2022 21:39
3953
Жаман айгыр үйүрүнө бөрү чакырды


Баткен деген жара күн сайын канап атса,  ары жок батышчылдар Украинаны коргоп, Бишкекте пикетке чыгат имиш. Соцтармактарда Путинди өздөрүнчө эле сөгүп, сөздөп атышат. 


Батыш көп жылдан бери Украинаны расмий Москвага тукуруп отуруп, ушул абалга алып келди. Орустар 1999 -2013 - жылга чейин 2.5 млрд доллар жардам көрсөтүптүр. Деги адам болбогон эл экен дегендей капа болду Путин. Европа өткөн кылымда Ливияны, Египетти, Сирияны, Сауд Арабияны, Суданды жана Иракты Осмон империясына каршы тукуруп, ара жолдо калтырган. Ары жагы 1 кылымдан бери калкты кырып, нефтисин талап, мамлекетин тоноп келатат. Судан деген жакшынакай мамлекет түштүк - түндүк болуп, экиге бөлүндү. Мындан башка өрнөктүн кереги барбы? Биздин батышчылдар дүйнөнү кооз көрсөткөн көз айнектерин чечип, геосаясат боюнча бираз окуп, ой жүгүртүшсө, жакшы болмок. Жөн жашабай, төңкөрүштөрдү арзуулай берген элдин акыбети Украинадай болот. Үлкөн мамлекеттин башына Зеленскийди шайлаган элдин бактысы жок экен. Мен ал элге эмес, таландыда калган Украинага боорум ачыды.

 

Борбор Азия геосаясий оюндардын ортосунда турат. Фергана быкшып атат. Баткен ошол быкшыган түтүндүн бир бөлүгү. Али бери бүтпөгөн маселебиз турса, дүйнөлүк окуяларга жарандык көз карашыбызды билдирип, бизге "пок" барбы? Алабармандык кылгысы келгендер өлкөсүнө согуш алып келди. Муну чыгышта "жаман айгыр үйүрүнө бөрү чакырды" деп коёт.


Манас Осмон, журналист

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
7
Жон эле журчу, эмне кыласын тантыган оюнду элге чыгарып