Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жанар Акаев: Алымкадыр Бейшеналиев алжып калган адамдын сөзүн айтты

21.04.2021 17:34
1119
Жанар Акаев: Алымкадыр Бейшеналиев алжып калган адамдын сөзүн айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин “Жанар Акаев өзүнүн медицина тармагында бир күн иштебеген жардамчысын Ошко башкы дарыгер кыл деп суранганда, мен болбой койгом. Ал ошон үчүн менден өч алып жатат” деген сөзүнө жооп берди. Бул тууралуу "Говори.тв" билдирди.


Акаевдин айтымында, министр такталбаган маалымат берип жатат.


“Орой айтканда бул алжып калган адамдын сөзү. Анткени биз депутат катары мыкты кадрлар болсо, бир гана саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрине гана эмес баардык министрлерге сунуш беребиз. Ал эми менин жардамчым дарыгер эмес, кесиби такыр башка. Ошол себептен такталбаган маалымат берип жатат”,-деди   Акаев.


Буга чейин депутат Жанар Акаев өкмөткө саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алууну сунуштоо демилгесин көтөрүп, комитет мүчөлөрү аны колдошкон. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутат Жанар Акаев мындай жол менен андан өч алып жатканын ЖМКларга билдиргени бар.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн