Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жанар Акаев Артём Новиковго кайрылуу жасады

20.03.2021 18:25
1098
Жанар Акаев Артём Новиковго кайрылуу жасады

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковго кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин билдирүүсү:


"Урматтуу Артём Эдуардович Новиков мырза, COVID 19 менен күрөшүү штабынын башчысы катары Сизге кайрылып жатам. Казакстанга жер-жемиш, товар ташыган оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары менен атайын барып жолуктум, суранычын уктум, алар ар үч күн сайын ПЦР тесттин аныктамасы менен чек арадан өтүшөт.

Бул албетте, коопсуздук үчүн Казакстандын да талабы. Бирок тынбай кошуна өлкөгө каттаган айдоочулар, ар үч күн сайын ПЦР анализ тапшырып, тапкан акчасынын көпчүлүк бөлүгү ПЦРге короп жатат. Ар үч күн сайын 1500 сомдон ашуун мам.лабораторияга, жеке менчикке барса 2000 сомдон ашуун коротуп жатышат. Казакстанга тынбай кирип чыккан айдоочуларга, мамлекеттик лабораториялардан жок дегенде 50% жеңилдик карап берсеңиздер деген сунуш. Сиз саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырма берип, маселени тез арада чечесиз деп ишенем".

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Арси.
Негизи бийлике Жанар Акаевдей жаны коз караштагы жаштар келсе жакшы жакшы эле болмок. Эски коммунист, орускулдардын баарын кетирип.