Бугу 08, 2024
Убакыт: 15:40
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Жанар Акаев: Бийлик, токто!

07.05.2021 19:46
1589
Жанар Акаев: Бийлик, токто!

Бийлик, токто! 


Жеңиш Молдокматовдун "УКМКны күч менен басып алган" деп айыпталып, камакка алынышы - абсурд! Президенттин бийлигин эбегейсиз күчөткөн Баш мыйзам ишке кирээр замат оппозициячыл саясатчынын камакка алынышы өлкө үчүн абдан кооптуу көрүнүш. Эгерде азыркы бийлик сын айткан саясатчыларды диалогго чакыруунун ордуна түрмө менен коркутууну көздөсө терең жаңылышат жана мурдагы бийликтерден таптакыр сабак албаганын билдирет. Баткенде чындыкты айтып суроо берген карапайым жигит провокатор аталса, кадр саясатын, туура эмес чечимдерди сындаган саясатчылар камалып, көбү улам суракка чакырылса, эмне бул бийликти жапырт коомчулук кошомат кылып, мактап гана турушубуз керекпи? Булардын алы жеткени эле - өзүбүздүн уулдар экен, а ишенгени болсо фейктердин, троллдордун армиясы. Кемчилик кетирсеңер көзгө сайып көрсөтүп турчу, ката кетирсеңер сындап турчу жарандар, саясатчылар сөзсүз керек агалар, аларсыз көздү май басып, жардан ары кулап калыш заматта. А кошоматчылар биз айтпасак да жаныңарда жетиштүү. 


Бюджеттен акча уурдаса, чыккынчылык кылса, мыйзамсыз байыса-кимди болбосун камагыла, саясатчыбы, партия лидериби, депутатпы, министри болобу, бирин коргоп чыкпайбыз. Бирок өмүрүн тобокелге салып, адилетсиздикке каршы чыгып, октябрдагы толкундоого негизги себепчи болгон чыгаан жигиттерде эмне өчүңөр бар? Жеңиш мырзанын силерди бошотойун деп барганы үчүн камакка алуу эмне жакшылык, эч жерди талкалабагыла, бузбагыла деп чыркырап жүргөн видео далилдери турат го? Азыркы бийликти мыкчып отургандар, убагында оппозицияда болдуңар. Азыркыдай кымбатчылык каптап, тарыхта болуп көрбөгөндөй чабал өкмөттү түзүп, чек арадагы элибизди коргой албай калган бийликти-силер мактай алат белеңер? Же ушундай окуянын фонунда өзүңөрдү баатыр көрсөтөт белеңер? Жооп белгилүү. Айтчу сөз көп, душман босогодо турганда чырагына май тамызбайлы деп, тилибизди тишибизге катып отурабыз, Чек аранын Ч тамгасын айтпай отурабыз, саясатташтырбайлы, мындай учурда жетекчиликти колдойлу деп. Бул силерден коркуп калгандык эмес, өлкөнү, элди сыйлаган үчүн жана тынч турмушка салым кошолу деген ойдо. Адилеттикке, калыстыкка таянган бийликтин өмүрү узун, жүзү жарык болот, а катар-катар офистерде кара таандай болуп жалган мактап отурган фейктерге таянуу акылсыздык. Баарыбыз олку-солку тополоңдон тажадык, саясий куугунтуктарды, каралоону токтотуп, кеңири диалог түзүп, экономиканы өргө сүрөп, сын айткан элге ызырынбай айкөл болуп, Кыргызстанды болушунча эртерээк алга сүрөгөндү гана ойлонолу. Отуз жылда бийликте биз эмес, парламентте, бийликтин бутактарында он жылдап силер отургансыңар. Кандай болгон күндө да бардык жоопкерчилик силердин мойнуңарда, шылтоо өтпөйт, сындагандарды камап кой деп буйрук берүүгө акылдын, мээнин кереги жок, бирок айкөл, калыс жана көрөгөч болуу ар кимдин колунан келе бербейт. Азыр кеч эмес, акыл калчап, туура жолго түшүүгө толук мүмкүнчүлүк бар.


Жанар Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн