Бугу 07, 2024
Убакыт: 22:17
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Жанар Акаев: Эльвира Сурабалдиева менен Токтогазиев мыкты иштей аларын көрсөттү

05.02.2021 11:23
1406
Жанар Акаев: Эльвира Сурабалдиева менен Токтогазиев мыкты иштей аларын көрсөттү

Эльвира Сурабалдиева жана Тилек Токтогазиев мыкты иштей аларын көрсөттү. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Фейсбук баракчасына жазып чыкты.


"Элвира Сурабалдиева менен Тилек Токтогазиев аз убакыт иштесе да, жаңычыл көз караштагы, коомчулук менен тыгыз иштей алган жаңы муундагы жетекчилер экенин көрсөтө алышты деп ойлойм! Биз дал ушундай жаштардан турган мыкты команда кураганбыз, алар менен дайыма сыймыктанабыз жана колдойбуз! Эльвира Сурабалдиева (Elvira Surabaldieva), Тилек Токтогазиев (Tilek Toktogaziev) келечек алдыда!",- деп билдирүү калтырган.


Эске салсак, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо аты аталган саясатчылар "Ата Мекен" партиясы менен шайлоого катышкан.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жыпаркан
Сиз айткан пикирге кошулам,жакшы иштеп башташкан,экоо тен жаш кадырлар эле,колдоп койушса болмок окунучтуу.