Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиев кайда экени белгисиз болууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" фракциянын лидери Жанар Акаев 12-январда билдирди.
"Телефону өчүк болуп, аны менен байланышууга эч мүмкүн болбой жатат. Туугандарына, досторуна да байланышка чыкпаптыр", - деди Акаев.
Белгией кетсек, 10-январда Жогорку Кеңеш депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ага “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн