Кийинки парламентке кимдер келери чечилип калды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Али Токтакунов менен болгон маегинде билдирди.
Анын айтымында, келе турган парламент азыркы парламенттен да алсыз болушу мүмкүн.
"Жаңы келе турган парламент азыркы парламенттен да толук түрдө алсыз болушу мүмкүн. Анткени партиялык тизме менен да, жеке мандат менен да келе турган болсо азыркы парламенттен ашып кетпейт. Саны кыскарган менен сапаты оңолбойт.
Менин маалыматым боюнча бийлик партия тизмесин да, бир мандаттуу округдан ким депутат болот баарын чечип атат.
Менимче азыр кийинки парламентке кимдер депутат болору 50% чечилди",- деди Акаев.
Пикирлер (2)