Бугу 10, 2024
Убакыт: 01:28
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Жанар Акаев: Көпчүлүк коалиция Алмазбек Бейшеналиевди кызматтан алышы мүмкүн

01.02.2021 09:24
1016
Жанар Акаев: Көпчүлүк коалиция Алмазбек Бейшеналиевди кызматтан алышы мүмкүн

Бүгүн Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейешеналиевди министрлер кабинетинен кетириши мүмкүн. Мындай пикирин Жанар Акаев фейсбук аракчасы аркылуу билдирди.


"Урматтуу депутаттар, жарандык коом! Эртең көпчүлүк коалициянын жыйынында жаңы дем менен жаратмандык иштерди жасап баштаган прогрессивдүү Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевди кызматтан алып, ордуна Агрардык окуу жайдын ректорун, ветеринар кадрдын талапкерлиги сунушталат экен. Мурда кылмыш иши козголгон адам деп уктум, тийиштүү органдарга эрте менен запрос беребиз. Мындайга жол бербейли, иштеп жаткан кадрларды колдойлу. Садыр Жапаров (Sadyr Japarov), Эльвира Сурабалдиева (Elvira Surabaldieva), Артём Эдуардович Новиков көңүл буруп, эртенкиге чейин чечимди терең ойлонуп, талдап кабыл аласыздар деп ишенем. Бөлүшөлү достор" ,- деп билдирүү калтырган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Эрнисбек
Жанара качан эле куйумдуу болуп кеттин