Бугу 08, 2024
Убакыт: 16:32
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Жанар Акаев: Лейлекте бир жылда эле 12 келин өз өмүрүнө кол салган

30.11.2023 14:36
200
Жанар Акаев: Лейлекте бир жылда эле 12 келин өз өмүрүнө кол салган


Бир жылда эле 12 келин өз өмүрүнө кол салган. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Лейлектин Жаңы-Жер, Андарак айылдарындагы көйгөйдү көтөрүп жатып айтты.


Ал бул аймакта үй салууга жер тилкелер берилбей, кесепети оор болуп жатканын белгилеген.


"Айылдыктар "жердин баасы Бишкектегиден кымбат, эмне кылышты билбей калдык" деп жатат. Андарак айылында келин-кесек, кайната-кайненеси баары чогуу, бир үйдө 6-7 үй-бүлө жашап жатышыптыр. Үрөй учурган статистиканы айтып коёюн, соңку бир жылда 12 келин өз өмүрүнө кол салыптыр. Үчөөнү сактап калышкан, тогузу каза болуптур", — деди Акаев.


Депутат өкмөттү бул маселени өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Жаңы-Жерде 300 гектар жер даярдалганын, эгер ал трансформацияланса 2700 турак жай салууга уруксат берилмектигин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн