Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жанар Акаев: Максат ажыны кармоо шашылыш чечим болду

11.02.2021 10:50
1450
Жанар Акаев: Максат ажыны кармоо шашылыш чечим болду

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев  мурдагы муфтий Максат ажынын кармалышы боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


"Муфтияттагы окуя боюнча тергөө толук далилдене электе эле ызы-чуу түшүп, бир тараптуу каралоо жүргүзүп жатканыбыз туура эмес. Албетте, коррупциялык иштер далилденсе, тиешелүү адамдар жооп бериши керек. Бирок башкы бухгалтердин айыбы үчүн дароо муфтий Максат ажы Токтомушевди камакка алуу чечими шашып кеткендей туюлду мага. Мындан жети жыл мурун ошол кездеги муфтийди да чыр менен иштен алышкан, ошондо мен журналист элем, муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевге барып анын да чындыгын чагылдыргам элге. Азыр Максат ажынын пикирин сураганга, анын сөзүн элге жарыя кылганга да эч ким жетишпей калды окшойт. Жабыркап жаткан инсандын да чындыгын угат коомчулук, ага чейин сабырдуу болуп, тыянак чыгарбай турганыбыз оң" ,- деп билдирүү калтырган  эл өкүлү.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Бурулкан
Орган деле ойлонуп иш кылды болуш керек жон жерден камабайт го ,С ЖАПАРОВ ар бир кундо болуп аткан иштерге килигишпейт ,анткени озулорунун тактаачу тергөөчү органдар бар .
Окурман
Ким болбосун директор же начальниксиз бухгалтер бир тыйынды озун эле расход кыла албайт. Менин оюмча туура эле камалган. Бул таксырлардын бизнестери жок эле эн бай турушат, акчаны кайдан таап жатышат? Жараткан берип жатат дейт сурасан, кедей кем багалдарга эмнеге жараткан бербейт...
Суйунбай Кызы Айжаркын
Боштондук , эл Садыр Жапаровту таш мн алып келсе кайра таш мн кетирет, ашынып кетишти Камчыбек Ташиев экоо! Коздоруну май басып калды, коздорун ачпаса аягы жаман болот!