Бугу 04, 2024
Убакыт: 04:47
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жанар Акаев: Мен аялымды сабаган эмесмин. Ар бириңерди үйгө чакырайынбы?

09.01.2021 14:07
1065
Жанар Акаев: Мен аялымды сабаган эмесмин. Ар бириңерди үйгө чакырайынбы?


Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев аялы сабалды деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты. 


"Урматтуу достор! Өзгөчө журналисттер. Жанар Акаев аялын сабады деген маалымат таптакыр чындыкка дал келбейт. Андай болушу мүмкүн дагы эмес. Муну кайсы булак, эмнеге таянып билдирди? Же ар бириңерди үйгө чакырайынбы? Баса белгилеп айтып коеюун, андай болгон эмес, эч качан болбойт дагы", - деген билдирүү калтырган.


Буга чейин айрым маалымат каражаттары Жанар Акаевдин аялы сабаганын айтып, милицияга арыз жазды деген маалыматтар тараган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн