Бугу 17, 2024
Убакыт: 00:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жанар Акаев: Премьер-министр “Билайндын” жетекчилери менен эмнеге жолуккан?

01.06.2020 15:52
1965
Жанар Акаев: Премьер-министр “Билайндын” жетекчилери менен эмнеге жолуккан?


Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Билайндын” кожоюндарынын бири Ерлан Оспанов жана “Билайндын” Кыргызстандагы жетекчиси Евгений Кражан менен жолукканын айтып чыкты. Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазган эл өкүлү аталган компаниянын өкүлдөрү менен өкмөт башчы жыштыкты сүйлөшпөсө, кайсы темада сүйлөшүү болгонуна кызыккан.


“Жакында Казакстандагы “Верный капитал” инвестициялык компаниясынын жетекчиси, Билайндын кожоюндарынын бири Ерлан Оспанов жана Билайндын Кыргызстандагы жетекчиси Евгений Кражан премьер-министр Абылгазиев менен жолугушкан. Билайндын чоңдору менен өкмөт башчы жыштыкты сүйлөшпөсө, кайсы темада сүйлөшүү болду? Эмне үчүн жолугушуу коомчулукка чагылдырылган жок, өкмөт башчынын кимдерди иш убактысында кабыл алганы ачык болушу керек да. Ошол жолугушуунун протоколун элге жарыялап койсоңуздар, эмне тууралуу сөз болду, албетте, Билайндын өкүлдөрү менен төө бурчак же футбол жөнүндө сөз болмок беле, эмне үчүн так ушул жыштыкты аукционсуз, бекер алган компаниянын өкүлдөрүн премьер-министр мырза кабыл алган?”, - дейт Акаев.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кылыч
Дубайдан квартира берем десе керекта Абылгазиевке башка не соз болот эле