Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 01:26
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жанар Акаев: Шоу кылып министрлерди, бизнесмендерди кармаганды токтоткула

29.09.2022 10:33
716
Жанар Акаев: Шоу кылып министрлерди, бизнесмендерди кармаганды токтоткула

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев пара талап кылып кармалган Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев боюнча пикирин билдирди.


"Биз мугалимдердин айлыгын көтөрдүк, билим берүү тармагында реформа жасайбыз десек, кечээ министрди шоу кылып кармады.

Азыр он миңдеген мугалимдерге чоң сокку урдук. Алар отуруп калды. Окуучуларга кантип тарбия берет. Министр пара алып жатат десе не дейт?

Министрди кармоо менен бүгүнкү күнгө чейинки жетишкендиктерди жок кылдык",- деди депутат.


Акаев министр пара алган болсо да шоу кылбай, тынч гана чакырып катасын айтып арызын жаздырып анан тергеш керектигин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн