Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 12:03
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жанар Акаев: Ушундай оор шартта шайлоону өткөрүү орунсуз

09.07.2020 12:51
1231
Жанар Акаев: Ушундай оор шартта шайлоону өткөрүү орунсуз


Пандемиянын ушундай оор шартында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоону өткөрүү орунсуз. Мындай пикирин парламент депутаты Жанар Акаев өзүнүн социалдык тармактар аркылуу жасаган видео кайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы октябрга белгиленген парламенттик шайлоону өткөрүү бюджети 526 млн сомду түзөөрүн, ал эми түшүндүрүү иштери үчүн 21 млн сомдук каражат жумшаларын билдирди.

Азыр бир тыйын таппай карайлап турган шартта, дары-дармек, аппараттар жетишпей жатканда бул акчаларды шайлоого коротуу таптакыр орунсуз. Ошондуктан добуш берүүнүн мөөнөтүн жылдыруу керек. Шайлоого корото турган бул каражаттарды пандемия менен күрөшүүгө керектөө зарыл”, - деп айтты Акаев.

Анын пикиринде, шайлоону жылдыруу үчүн өлкө боюнча өзгөчө абал киргизүү керек. “Элдер ооруп жатканда саясий партиялар кантип съезд өткөрүп, кантип үгүт иштерин жүргүзөт?”, - дейт депутат.

Мындан улам ал өкмөткө, депутаттарга адегенде пандемиянын ооздуктап, абал тынчыгандан кийин гана шайлоону өткөрүү чечимин кабыл алууга чакырып, ал үчүн Жогорку Кеңеш мөөнөтсүз жыйынга чогулуш керектигин сунуштады.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн