Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 05:44
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Жашы он алтыга жете элек кыздарды зордуктагандар пробацияга илинбейт”

03.10.2023 13:31
245
Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Жашы он алтыга жете элек кыздарды зордуктагандар пробацияга илинбейт”


- Жанар мырза, кечээ сиз комитеттен абактагы аялдардын абалы тууралуу маселе көтөрдүңүз. Ал тууралуу буга чейин да айткан элеңиз, ошондон кийин кандайдыр бир натыйжа болдубу?


- Мен тергөө абагына бир нече жолу кирип, аялдар менен да, эркектер менен да сүйлөшүп чыктым. Ошондо абактардагы абал аябай начар экендигине күбө болдум. Ошол жерде алтымыштан өтүп калган бир энени көрдүм. №1 тергөө абагында бир аял кичинекей баласы менен жатат. Ал эми Клара Сооронкулова жаткан жерге кирсем, бир аялды көрсөтүп, “бул жөн эле жатат, милициялар телефон уурдады деп отчет үчүн эле камап коюшкан, айлап соту болбой жатат” деди. Ал аял өзү да “мен уурдаган эмесмин. Бейкүнөө болсом да акчасын кайтарап бердим” деп ыйлап калды. Жумгалдык аял экен. Анан мен парламентте шаршемби күнү эртең менен айттым. Бир сааттан кийин эле Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаев чалып, “аты-жөнүн бер, эгер чын эле бейкүнөө болуп, соту болбой жаткан болсо, чара көрөм” деди. Эртеси түш ченде тигил аялдын адвокаты мага чалды, “сага рахмат! Эртең менен соту болду. Абактан бошоп чыгып, сүйүнгөн бойдон Жумгалга кетти” деп.


- Мунапыс жөнүндө мыйзам долбооруна көз карашыңыз кандай?


- Бейкүнөө жаткан, же болбосо майда кылмыш жасагандар чыкканы жакшы эле. Бирок, ага оор кылмыш кылгандар илешпеши керек. Жакында мен бир мыйзам долбооруна сунуш бердим. 16 жашка жете элек өспүрүмдөрдү зордуктап, камалып, бирок пробация менен чыгып кеткендердин саны көбөйүптүр. 2022-жылдын башынан бери эле 88 кылмышкер эркиндик алышкан. Пробация менен чыккандардын бири дагы бир өспүрүмдү зордуктаган. Соттор мыйзамдан жылчык таап, бошотуп ийген учурлар бар экен. Мен мыйзам долбооруна сунуш бердим, эгер парламент колдоп берсе, мындан кийин жашы он алтыга жете элек кыздарды зордуктагандар пробацияга илинбейт. Долбоор жакында экинчи окууга кирет. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн