Бугу 04, 2024
Убакыт: 03:18
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жанар Акаев аялын сабаган. Милицияга арыз түштү

09.01.2021 13:30
840
Жанар Акаев аялын сабаган. Милицияга арыз түштү



Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев аялын сабап, ага милиция барган. Бул тууралуу 24.kg сайты күч структураларындагы булактарына таянуу менен маалымат таратты.


Анда айтылгандай, К.Ж. аттуу Бишкектин Ж.Турусбеков көчөсүндөгү батирлердин биринде жашаган тургуну жолдошу сабап койгонун айтып милицияга кайрылган. “8-январь, саат 13:30дар чамасында кайрылуу түшкөн. Атайын экипаж барганда К.Ж. зомбулукка кабылганын, жолдошу сабап жатканын айтып арызданган. Андан соң ал жазуу жүзүндө арыз жазган. К.Ж. пикир келишпестик учурунда жолдошу Жанар Акаев ыплас сөздөр менен сөгүп, мойнун бууп, бир канча жолу баштан ары тээп, буту кайрылып, денесинен кан кеткенин айтып арызданган”, - деп айтылат аталган маалыматта.


Бул факты Ленин райондук ички иштер бөлүмү тарабынан “Үй-бүлөдөгү зомбулук” беренеси менен териштирилип жатканы ачыкка чыкты.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Калчабаева гулжамал
Кап Жанардын душмандары суук колунарды жылуу жумшак уй булолук уясына суна баштапсынарда Уят уйбулосуно тийишпегиле