Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 16:42
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жанар Акаев бүгүн кармалган саясатчы, активисттерди бошотууну талап кылды

23.10.2022 16:54
308
Жанар Акаев бүгүн кармалган саясатчы, активисттерди бошотууну талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев саясатчы, активисттердин кармалышы боюнча пикирин билдирди.


Ал фейсбуктагы баракчасында видео кайрылуу жасап, бүгүнкү камоолор акылга сыйгыс көрүнүш экенин айтты жана аларды тез арада бошотууну талап кылды.


«Жарандык активисттердин, саясатчылардын, блогерлердин үйүнүн тинтилиши, камакка алынышы өтө өкүнүчтүү окуя жана өтө чоң мыйзам бузуу. Анткени Конституцияда так жазылган, жарандар кандай гана болбосун өзүнүн ой-пикирин ачык билдирүүгө укугу бар. Кайсы бир маселе боюнча оюн айтып койгону үчүн алардын бала чакасынын планшеттеринен бери алып кеткени, өздөрүн камакка алганы — акылга сыйбаган көрүнүш. Демократиялуу, эркин Кыргызстанда мындай окуя кечирилгис. Ошондуктан кармалгандарды тез арада бошотууну талап кылам, анткени алардын кармалышы мыйзамсыз.


Биз диктатуралык мамлекетке айланбашыбыз керек. Ички ынтымактын ыдырашына жол бербейли. Өлкөдө кайсы бирин камап койсо эле башкаларынын да «оозу жабылып», унчукпай калбайт. Бир гана диалог керек» , — деди депутат

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн