Бугу 08, 2024
Убакыт: 22:54
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Жанар Акаев дарыгерлерге кол салгандарды жазалоону сунуштады

08.02.2024 12:19
238
Жанар Акаев дарыгерлерге кол салгандарды жазалоону сунуштады


Акыркы убакта ооруканаларда дарыгерлерге кол салуу фактылары катталууда. Бул өкмөттүн көңүлүн жана чечимдерин талап кылат, деп билдирди депутат Жанар Акаев 8-февралда парламенттин жыйынында.


Ал Кыргызстан ымыркайлардын өлүмү, энелердин өлүмү, онкология, жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча алдыда экенин эске салды. «Мындай шартта дарыгерлерге көңүл буруп, алардын маянасын көтөрүүнүн ордуна, дарыгерлерге кол салуу фактыларын унчукпай карап жатабыз», - деди ал.


Депутат Кыргызстанда көптөгөн дарыгерлер жумушун таштап, Орусияга кетип жатканын айтты.


«Жаш дарыгерлер 13-15 миң сомдон алышат. Бул каражатка үй-бүлө багуу мүмкүнбү? Мен жакында дарыгер менен сүйлөштүм. Ал троллейбус айдоочуларынын айлыгы 50 миң сомго чейин көтөрүлүп, 14 миң сом алып жатканын айтты. Бул кандай?" - ал сурады.


Акаев Казакстанда дарыгерлерге кол салгандар 7 жылга чейин эркинен ажыратыларын айтты. «Биз да ушундай кылууга аргасыз болобуз. Баардык өнүккөн өлкөлөрдө дарыгерлер абдан кадырлуу адамдар. А бизде кирип, телефонуна тартып, кол салып чыгып кетишет. Эмне үчүн укук коргоо органдары жетиштүү көңүл бурушпайт жана чечим кабыл алышпайт?». - деп сурады.


Депутат дарыгерлерге артыкчылык берилип, алардын айлыгын көтөрүү керектигин айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн