Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 21:39
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жанар Акаев кытайлык туристтерге визасыз режим киргизүүнү сунуштады

02.11.2022 15:19
482
Жанар Акаев кытайлык туристтерге визасыз режим киргизүүнү сунуштады


Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 2-ноябрдагы жыйынында депутат Жанар Акаев кытайлык туристтерге визасыз режим киргизүүнү сунуштады.

Анын айтымында, бир топ санкциянын айынан ар бир өлкө каражат тартуунун аргасын издеп жатат.

“Биз дагы андан сырткары калбашыбыз керек. Мына Өзбекстан Кытайдын жарандары үчүн 10 күнгө визасыз режим киргизди. Эки жыл аралыгында ал жакта келген жарандардын саны 1,5 миңдин тегерегинде болсо, азыр 2 миңге жакындады. Муну уккан Казакстан Кытайдын жарандарына 15 күнгө визасыз режим киргизди. Азыр Кытайдын ишкерлери каражатын алып коңшу өлкөгө барып жатат. Бул туристтик виза, ушуну дагы ойлонушубуз зарыл. Турист келет, ал катуу көзөмөлдө болот, анан кайра чыгып кетет. Ушундай бир кадамдарга барышыбыз керек”, - дейт ал.

Акаев эл туура түшүнүшү керектигин айтып, Кытайдын жарандарына эшикти ачып, баары кире берсин деген сөз эместигин белгилейт.

“Туристтер, инвесторлор келет, бизнес ачуу мүмкүнчүлүктөрүн дагы карайт”, - дейт эл өкүлү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн