Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жаңы чакырылышта депутат боло албайт. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, алдын ала эсептөөгө ылайык Жанар Акаев "Альянс" саясий партиясынын катарында мандатка ээ болгон. БШК аялдар квотасын эсепке алган учурда Жанар Акаев мандатка ээ болбой калды.
Анын ордуна Жогорку Кеңешке Токтобүбү Оргалча депутат болот.
Бирок "Альянс" партиясы БШКнын мындай чечимине каршы чыгып сотко кайрыларын билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн