Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жанар Акаев өкмөт башчыдан брифинг өткөрүп, элдин суроосуна жооп берүүсүн талап кылды

06.05.2020 11:34
1166
Жанар Акаев өкмөт башчыдан брифинг өткөрүп, элдин суроосуна жооп берүүсүн талап кылды


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү брифинг өткөрүп, эл арасындагы бүдөмүк суроолорго так жооп берип коюшу керек. Мындай пикирди депутат Жанар Акаев бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.


Анын билдирүүсүндө, эл арасында июнь, июль, август айылдарында пенсиялык төлөмдөр берилбейт экен деген сөздөр жүрүп жатат. Ошондой эле экспресс-тест тапшырууга 2000 сом алышат экен, мунун менен 6 млн элден бир канча млн чогултуп өкмөт жеп алганы жатат, деген айың кептер айтылууда.


Мына ушул суроолордун барына өкмөт башчы так жооп бериши керек, пенсия убагында төлөнөт, 2000 сомдук анализдин баасы “Кумтөргө” окшогон корпоративдик кардарлар үчүн деп коюлган, деп ачык айтып, түшүндүрүп коюшу залыш”, - деди Ж.Акаев.


Ошондой эле, депутат чет жакта келе албай жаткан мигранттарды үмүттөндүрбөй алып келе алса, алынып келет деп, алып келе албай турган болсо коркпой туруп жообун берип коюуну сунуштады. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн