Бугу 20, 2024
Убакыт: 06:12
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жанар Акаев президент менен жолугушту. Алар эмне тууралуу сүйлөшүштү?

27.07.2021 18:25
1049
Жанар Акаев президент менен жолугушту. Алар эмне тууралуу сүйлөшүштү?

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев президент Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.


Анын айтымында, ал президент менен шайлоо тууралуу сүйлөшкөн.


"Президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, азыркы абал, шайлоо мыйзамдары тууралуу кеңири пикир алыштым. Алдыда өтчү Жогорку Кеңештин шайлоосунда жалаң акчага таянган, добуштарды дүңүнөн сатып алам деген партияларды, талапкерлерди эч кандай аямай жок деди. Акча менен кармалган партиябы, жеке талапкерби шайлоодон токтоосуз четтетилет. Добуш сатып алууну ашкерелеген жарандарга сый-акы бериле тургандай механизм киргизилет экен. Жакынкы айларда элге ушул тууралуу атайын кайрылуу жасайм деди. Добуш сатып алуу ыкмасы жоюлса, чын эле парламент, жергиликтүү кеңештердин сапаты өзгөрөт эле. Өздүк партиям болбойт, баарына шарт бирдей болот деди. Добуш сатып алуу токтосо, билимдүү жаштарга жол ачылат эле. Президент эгер техникалык жактан даяр болсок, 54 депутат преференциалдуу шайлоо системасы менен шайланып келүүсүн колдоду",- деп билдирүү калтырган Акаев.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Ай ким билет