Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбековдун кызматтан кетирүү аракети боюнча суроого социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жооп берди.
Жанар Акаевдин айтымында, фракция Айдарбековдун комитет төрагасы катары кызматын улантышын колдойт.
"Айдарбековду комитет төрагалыгынан кайтарып алуу маселесин карабайт . Фракция Чыңгыз Айдарбеков өз жумушун улантышын колдойбуз",- деди Жанар Акаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн