Бугу 20, 2024
Убакыт: 08:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жанар Акаев жаңы "альянс" боюнча маалыматты төгүндөдү

29.08.2021 17:07
661
Жанар Акаев жаңы "альянс" боюнча маалыматты төгүндөдү

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Алтынбек Сулайманов, Мирлан Жээнчороев, Абдывахап Нурбаев сыяктуу саясатчылар менен бириккенин четке какты. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.


Анын айтымында, социалдык тармактарда тараган сүрөт мурда тартылган.


"Бишкекте жаратман ишкерлерибиздин эмгегин көрүп, баарлашып кайткандагы бул сүрөт бир айча мурун тартылган. Бүгүн партиялар сүйлөшүүгө чогулушуптур деген маалымат туура эмес. 


Жалпысынан, сүйлөшүүлөр күн сайын эле жүрүп жатат, сүрөттө турган инсандардын көпчүлүгү пикирлештер, санаалаштар, биз дайыма ар кандай иш-чараларда тез-тез көрүшүп турабыз. Албетте, сүйлөшүүлөр аяктап, курам аныкталган соң, бир саясий күчкө чогулган күнү сөзсүз расмий маалымат берилет",- деп билдирүү калтырган депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн