Бугу 20, 2024
Убакыт: 04:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жанар Акаевге Бишкек комендатурасы жооп кайтарды

02.04.2020 10:08
855
Жанар Акаевге Бишкек комендатурасы жооп кайтарды


Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин басма сөз каражаттарына аккредитация берүү сунушу боюнча Бишкек шаарынын комендатура өзүнүн жообун билдирди.


Кечээ, 1-апрель күнү Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Жанар Акаев Бишкек шаарынын комендатурасы мамлекеттик жалпыга маалымдоо  каражаттарын аккредитациялоодон өткөрүп, көз карандысыз популярдуу ЖМКларга уруксат кагазын (пропуск) бербей койгонун сынга алган. 


Буга байланыштуу Бишкек шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы төмөндөгүлөрдү билдирди.   


Жарандардын маалымат алуу укугун камсыздоо жана президенттин 2020-жылдын 24-мартындагы №55 жарлыгын аткаруу максатында өзгөчө абал киргизилип, кризистик кырдаалдарды эске алуу менен калктын маалыматка жеткиликтүүлүгү жана маалымат таратуунун тартиби бекитилген.


Ошондой эле, коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын басма сөз борборунун базасында жалпыга маалымдоо каражаттары жана Интернет-басылмалар үчүн онлайн платформаларды түзүү жана бул буйрукту ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүү каралган. Ошондой эле ЖМКнын бири-бири менен өз ара кызматташуусунун тартибин жөнгө салат.


Жобонун негизги максаты - расмий жана тастыкталган маалымат алууда жарандардын кепилденген укуктарын камсыз кылуу болуп саналат. Бул жобо башка ченемдик-укуктук актылардын, коменданттын буйруктардын жана буюрмалардын талаптарына ылайык иштелип чыккан, деп кошумчалады, шаардык комендатурасы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн