Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 02:17
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Министр: Кытайдан 35 инженерди алып келгенге аракет кылып жатабыз

20.05.2020 11:13
4383
Министр: Кытайдан 35 инженерди алып келгенге аракет кылып жатабыз


Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун курулуш долбоору өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүнө алынган, деп билдирди транспорт жана коммуникациялар министри Жанат Бейшенов бүгүн, 20-майда парламенттин жалпы жыйынында.

Анын айтымында, учурда курулуш боюнча иштер жүрүп жатат жана быйыл асфальт төшөө жумуштарын аягына чыгаруу пландалууда.

Ушул тапта Кытайдан 35 инженер келе албай жатат. Азыр аларды алып келгенге аракет кылып жатабыз. Эмки жылга жол белгилери, жол түзмөктөрүн орнотуу иштери калтырылат. Сапаты боюнча көп жылга жете тургандай кепилдик берилип жатат”, - деди министр. 

Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Нурмат
Менин кошунам инженер дорожник, уйдо жумушсуз отрат, ошондой эле инженерлерибиз коп, кытайлыктар кереги жок бизге. Эмесе ушунтип атып акырындык менен кытыйлыктар бизди басып алат
Эрбол
Кытайда жол 20 жылдык кепилдик мн салынат, бизде ошондой талап койгондо гана жемкордукка тизгин тартылат.
Автандил
Биздин бийликтегилер жалаң Кытайларга кул болгону калды окшойт.
Алексей
35 кытай инженер эмне НЕБОСКРЁБ здание салышабы.. Жолдун үстүнө жол салаалбай калыптырбы кыргыз прорабтар.. Калп бир шылтоолорду айтып эле..
Калысбек
Бизде инженер дегендер бош калышты го. Эмне мынча кытайсыз күнүңөр өтпөй калган , же акча адалдаш үчүнбү? Намыс деген , бет деген калбай калганбы, эшейген өкмөт, бийлик болдуңар. Баары бир жооп берип , кусаар күндү ойлоп койгулачы, саткындар !!!