Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 07:54
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Жандандыруу бөлүмүндөгү 6 жарандын абалы жакшырып, палата которулду

27.03.2020 15:00
1184
Жандандыруу бөлүмүндөгү 6 жарандын абалы жакшырып, палата которулду


Коронавирус боюнча мурда катталгандардан оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жаткан 6 жаран жөнөкөй палатага которулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башысы Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, бүгүн, 27-мартта саат 14:00гө карата дагы 14 жаңы учур катталды, алардын жетөө Жалал-Абад облусунун аймагынан, жетөө Ош облусунун аймагынан катталды. 10 аял киши, 4 эркек киши. 5 киши Умрадан келген адам болсо, калган 9 киши алар менен байланышта болгон.


Учурда мурда жана жаңы катталган 58 бейтапты протоколдук негизде дарылоо процедуралары жүргүзүлүп жатат. Мурда катталып, жандандыруу бөлүмүндө жаткан 6 жарандын абалы жакшырып, жөнөкөй палатага которулду. Ал эми Жалал-Абадда бир бейтап жандандыруу бөлүмүндө кармалууда, бирок жасалма дем алдыруу аппаратына муктаж эмес, деди Акматова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн