Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:03
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Жаңгак токойлору ижарага берилет

03.06.2020 17:30
2179
Жаңгак токойлору ижарага берилет

Бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргызстанда жаӊгак плантацияларын өстүрүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.


Демилгечилеринин бири, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Рада Туманбаева мыйзам долбоорунун максаты жогорку түшүм алуу үчүн жаңгак плантацияларын түзүү, жаңгак көчөттөрүнүн генофондун сактоо жана алып келинүүчү жаңгак көчөттөрүнүн сортторуна көзөмөлдү күчөтүү экендигин белгиледи.


"Бул экологиялык жактан таза продукцияны экспорттоого жол ачып, улуттук брендди түзүүгө мүмкүндүк берет”, - деди депутат.


Айыл аймактарынын жерлеринде жаңгак плантацияларын түзүү жана алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу керек экендиги белгиленди.


Талкуунун жүрүшүндө депутат Тариэл Жоробеков жаңгак токойлорун ижарага берүү маселесине кызыкты. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов токойлорду ижарага берүү конкурстук негизде жүргүзүлөөрүн, негизги талаптардын бири жашыл көчөттөрдү сактоо жана көбөйтүү экендигин маалымдады.


Ал эми депутат Кенжебек Бокоев мыйзам долбоорунан жаңгак плантацияларын өстүрүү нормаларын бузган кызмат адамдарына карата жоопкерчиликти караган пунктту алып салууну сунуштады. "Ошондой эле 7-беренеде мамлекеттик менчиктеги жерлерде жайгашкан плантациялар мамлекеттик менчик болуп эсептелээри белгилениптир. Эгер ал ижарага алынган жер болсо, эмне үчүн ал ижарачыга эмес, мамлекетке таандык болуш керек?”, - деп суроо салган депутат мыйзам долбоору декларативдүү болуп калбасын үчүн бул норманы кайра карап чыгууну сунуштады.


Элдияр Шерипов комитеттеги талкуу учурунда мындай сунуштар түшкөнүн, алар эске алынарын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн