Бугу 21, 2024
Убакыт: 22:05
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Жаңгактын бат түшүм берүүчү эргежел сортторун өстүрүү сунушу айтылды

03.06.2020 17:42
1031
Жаңгактын бат түшүм берүүчү эргежел сортторун өстүрүү сунушу айтылды


Эки жыл мурун болгону 13 миң гектар токой ижарага берилген болчу. Азыр бул көрсөткүч 25 миң гектарды түзүүдө. Бул тууралуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


2018-жылы биз өкмөттүн токтомун кайра карап чыктык. Ага чейин ижарачылар арасында тең бөлүнчү эмес. Кимдир-бирөө 5 гектар алса, дагы бирөө 30 гектар алчу. Азыр бир адамга 5 жылдык мөөнөт менен 5 гектардан ашык жер берилбейт. Эгер биздин талаптарыбыз аткарылса, ижара мөөнөтү адегенде 25, андан соң 50 жылга автоматтык түрдө узартылат. Муну менен биз токой пайдалуучуларды мотивациялап жатабыз, мурда алар түшүмдү жыйнап эле кетип калышчу, өздөрү ижарага алган аймакты өнүктүрүүгө, жаңгактын эндемикалык түрлөрүн сактоого кызыкдар эмес болчу”, - деп түшүндүрдү Элдияр Шерипов.


Депутат Азизбек Турсунбаев
өлкөнүн түштүгүндө жер тартыш экенин билгилеп, айыл өкмөттөрү жаңгак плантацияларын түзүү үчүн жерди кайдан алаарына кызыкты, мыйзамдын авторлоруна жаңгакты республиканын түндүк райондорунда да жайылтуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.


"Жаңгак өтө кеч, 10-15 жылда гана түшүм берээрин эске алуу зарыл. Ушуга байланыштуу бат түшүм берүүчү эргежел сортторду өстүрүү боюнча кошуна Өзбекстандын тажырыйбасын пайдалансак болот”, - деди Азизбек Турсунбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн