Өлкөдө 29-майга карата жаңы катталган 68 учурдун 50сү тыштан келгендер. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди
Анын айтымында, Бишкекте катталган учурлар Улуттук онкология борбору менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда аныкталган.
"Жаңы катталган 68 учурдун 50сү тыштан келген жарандардан аныкталды. Алардын 49у Россиядан, бирөө Казакстандан келген, инфекциянын булагы анык эмес эки учур катталды. Ал эми калгандары үй карантининде отурган адамдардан табылган. Россиядан келген 21 адамдын он бири кош бойлу келиндер, ону студент”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн