Бугу 16, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жаңы 73 учур. Өлкөдө коронавирус ак халатчандардан бир суткада рекорддук көрсөткүчтө аныкталды

03.07.2020 10:09
1144
Жаңы 73 учур. Өлкөдө коронавирус ак халатчандардан бир суткада рекорддук көрсөткүчтө аныкталды

 

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 73 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.


Жаңы учурлар:


Бишкек шаарында – 32;
Чүй облусунда – 20;
Ош шаарында – 7;
Ош облусунда – 7;
Жалал-Абад облусунда – 3;
Баткен облусунда – 3;
Ысык-Көл облусунда – 1.


Ал эми бир суткада 20 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Муну менен оорудан айыккан ак халатчандардын жалпы саны 484кө жетти.


Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 994 учур катталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн