Бугу 04, 2024
Убакыт: 08:26
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жаңы Баш мыйзам менен мурдагыдай бюрократизм жок болуп, оперативдүү чечимдерди кабыл алабыз, - Садыр Жапаров

26.04.2021 23:52
954
Жаңы Баш мыйзам менен мурдагыдай бюрократизм жок болуп, оперативдүү чечимдерди кабыл алабыз, - Садыр Жапаров


Жаңы Баш мыйзам менен мурдагыдай бюрократизм жок болуп, оперативдүү чечимдерди кабыл алабыз. Бул тууралуу Садыр Жапаров АКИpress агенттигине берген маегинде билдирди.


- Референдум болуп өттү. Жакында жаңы Конституция менен жашап баштайбыз. Аны менен катар бийлик түзүмүндө реформалар болот. Ал иш эмнеден башталат?


- Биздин эл президенттик башкарууну тандап алды. Ошондуктан президенттик башкаруу болот. Аткаруу бийлигинин башында президент болот. Андан кийинкиси министрлер кабинетинин төрагасы болот. Андан кийин министрлер болот. Мурда өкмөт өзүнчө, президент өзүнчө болсо, азыр экөө биригип, бир өкмөт болот.


Реформалар жүрө баштайт. Мурдагыдай бюрократизм жок болуп, оперативдүү чечимдерди кабыл алабыз.


Мисалы, азыр жашап жаткан Конституция боюнча, мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү бир кагазды өкмөткө салсаңыз, 15 күндө араң бүтүп келет. 3 саатта бүтүрүп койчу иш 1 айлап жоголуп кетет.


Акыркы 10 жылдан бери биздин башкаруу системабыз чаржайыт болуп кеткен. Жоопкерчиликти мойнуна алган эч ким жок. Эми жаңы Конституция ишке кирсе, андай болбойт. Өкмөт менен президент биригип, бир чечилип кете берет.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Алмаз
Оперативтуу чечим болгону жакшы экен бирок туура чечим болобу кэп ошондо.