Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 06:50
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Жаңы Конституция Кыргызстанга жаңы жашоо алып келеби?

05.05.2021 11:30
869
Жаңы Конституция Кыргызстанга жаңы жашоо алып келеби?


Бүгүн 5-май Кыргызстанда Конституция күнү. Мындан туура 28 жыл мурун, дагы тактап айтсак, 1993-жылдын 5-майында «Легендарлуу парламент» Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки биринчи Конституциясын кабыл алган. Андан бери Конституция далай жолу өзгөрдү. Адегенде 1994, 1996, 1998, 2001, 2003-жылдары Акаевдин учурунда, 2007-жылы Бакиевдин тушунда президенттик башкарууну бышыктаган өзгөрүүлөр орун алган. Улам президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү аракеттери жасалган.  2010-жылдагы апрель революциясынан кийин келген Убактылуу өкмөттүн бийлиги президенттик башкаруу формасын парламенттик башкаруу формасына алмаштырган Башмыйзамды кабыл алган. Ага 2016-жылы Алмазбек Атамбаевдин убагында өзгөртүүлөр киргизилип, премьер-министрдин укуктары кеңейтилген.


Ошентип акыркы өзгөрүүдөн беш жыл өтүп-өтпөй Конституция кайрадан өзгөрдү. Ушул жылдын 11-апрелинде өткөн референдумдун жыйынтыгы боюнча жаңы Конституцияга бүгүн президент Садыр Жапаров мамлекеттик жетекчилердин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, коомдук-саясий ишмерлердин катышуусунда кол койду. Ошентип өлкөбүз кайрадан президенттик башкаруу формасына кайтып келди.


Азырынча жаңы Конституциянын толук тексти эч жерде жарыялана элек. Андыктан анда кандай жаңы жагдайлар бар экенинен коомчулук толук кабардар эмес. Элге белгилүү болгон жагдайлар булар: Президент өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт. Президент өзү аткаруу бийлигинин да башында турат. Кызматтарга дайындоо, бошотуу, сотторду тандоо кеңешинин сунушуна ылайык бардык баскычтагы сотторду дайындоо, мыйзамды демилгелөө, эки мөөнөткө беш жылдан шайлануу, БШК мүчөлөрүнүн жарымын сунуштоо сыяктуу укуктарга ээ болот. Мыйзамдарды демилгелөө президенттен сырткары Элдик курултайга, Жогорку сотко жана Башкы прокуратурага да берилет. Министрлер кабинетин президенттик администрация башчысы жетектейт.


Президент Садыр Жапаров 27-апрелде коомдук биринчи каналга курган маегинде жаңы Конституция жана ага ылайыкталган жаңы мыйзамдар менен жашоо 1-июлдан тарта башталарын билдирген. Ал үчүн Жогорку Кеңешке 17 пакет мыйзам киргизиле турганы да айтылган.


Албетте, элибизде «үмүтсүз - шайтан» деген кеп бар. Жаңы кабыл алынган, бүгүн президент кол койгон Конституция менен бирге өлкөбүздө жаңы өзгөрүүлөр орун алсын деген тилектер бар. Үмүт да бүл-бүл жанып турат. Бирок, бир нерсени баары бир эстен чыгарбашыбыз зарыл. Конституция канчалык деңгээлде жакшы жазылса да, аны туура пайдалануу, туура башкаруу мамлекеттик бийликте турган адамдардан көз каранды. Конституцияны жазып, кабыл алып коюу бир иш, ал эми аны өлкөнүн өнүгүүсү үчүн иштете билүү өзүнчө кеп.


Эгемендүү Кыргызстан өзүнүн отуз жылдык тарыхында парламенттик башкаруу формасына салыштырмалуу президенттик башкаруу формасында узагыраак жашаган. Тактап айтсак, 1993-жылы кабыл алынган Конституциядан кийин улам жаңы өзгөрүүлөр кирип турганынын баары президенттик башкарууга ыктаган болчу. Ал эми 2010-жылы кабыл алынган Конституцияда парламенттик башкаруу формасына өттүк дегенибиз менен дээрлик баарын президент эле башкарып келгени да белгилүү. Албетте, муну менен президенттик башкаруу формасы натыйжасыз деп айтуудан алыспыз. Балким, Конституцияда жазылган ыйгарым укуктар мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн натыйжалуу иштебеди. Балким, Конституция жөн гана жазылган боюнча калды. Ошондон улам өлкөбүздө улам-улам бийлик күч менен алмашылып келди.


Мына ушул жагдайларга учурдагы бийлик терең анализ жасап, өткөндөн сабак алып, жаңы Конституция менен бирге өлкөбүзгө жаңыча жашоо нугун киргизет деп ишенели. Жаңы багыт, жаңы өзгөрүүлөр заматта эле жемишин берип жибербесе да, анын эпкини дароо байкалат. Өзгөрүүгө карай бет алганыбыз сезилет. Ошондо гана элде ишеним пайда болот. Элдин ишеними пайда болгон жерде бийликтин да кадамдары ишенимдүү жасала баштайт. Эгер өзгөрүүлөрдүн эпкини байкалбаса, анда мурдагыдай эле үмүтсүздүк, нааразычылыктар уланат. Бул жолу андай болушуна жол бербөө керек. Отуз жылдан бери жыгылып тура берип, өлкөбүз өтө кооптуу абалга кептелди. Эми жыгылууга жол бербейли. Эл бүгүнкү бийликке дагы да ишеним менен карап турат. Ошол ишенимди мындан ары да жогорулатуу бийликтин аракеттеринен көз каранды. Биринчи кезекте кадр саясаты туура нукка түшүүсү зарыл. Популизм менен эмес, чыныгы кесипкөйлүгү менен айырмалангандар кызматтарга келип, президентке канат-бутак болушу шарт. Коррупция, контрабанда сыяктуу көрүнүштөр тык токтогонун эл сезиши зарыл. Бийликтин оозу менен коррупция, контрабанда ооздукталып, реалдуулукта анын баары болуп эле жатса, анда өзгөрүү болоруна эч ким ишенбейт.


Алдыдагы бир жыл убакыт жаңы Конституциянын жемиши кандай боло турганын толук көргөзө алат. Андыктан президент С. Жапаров өзү айткандай бел чечпей натыйжалуу иштөө зарыл.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн