Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 14:25
USD
89.40
89.87
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Жаңы Конституция боюнча коомдук пикирлер кайрадан активдешти

04.03.2021 18:32
826
Жаңы Конституция боюнча коомдук пикирлер кайрадан активдешти

 

Жогорку Кеңештин депутаттары кечээ, 3-мартта кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” КР мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун биринчи окууда кабыл алып беришти. Ага ылайык, референдум үстүбүздөгү жылдын 11-апрелине белгиленди.


Өткөн жылдын жылдын 20-ноябрында түзүлгөн Конституциялык кеңешме Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленип, 2020-жылдын 17-ноябрында коомдук талкууга чыгарылган. Ошол күндөн баштап, бүгүнкү күнгө сейин Конституциянын долбооруна, комиссиянын курамына ичи чыкпай нааразы болгондор көп болду. “Ханституция” деп аталган митингдер да өттү. ЖМКларда кыйкырык, ачуулуу маанай коштолгон талкуулар, кайым айтышуулар орун алды. “Сунуштарды кабыл албай койду, комиссияга киргизбей койду” деп таарынгандар андан көп болду. Ошентип бир топ чууну жараткан Конституциянын долбоору жалпы жыйынга чыгарылды. Анда да депутаттардын кызыл чеке кайым айтышууларын жаратты. Ал ортодо эки депутат долбоорго автор болуудан баш тартты.

 

Кечээтен бери социалдык тармактарда коомчулуктун түрдүү пикирлери айтыла баштады. Алардын айрымдарына токтолсок:


Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: - Конституцияга эмне кабатыр болуп атасың? Ал формальный эле кагаз да, эмне деп жазылганынын мааниси деле жок. Ушуга чейин Конституция менен жашабаган эми жашап кетмек белек... Каалагандай жаза беришсин, утурумдук нерсе. Бүгүн болбосо эртең, эртең болбосо бүрсүгүнү көчөгө топурап чыгып аңтарып түшөт, бул турулуу иш. Конституцияң дагы, башкасы дагы жаңы болуп, кайра башынан түшмөй", - дейт бир досум. Кыязы депутаттар деле, коомчулук деле ушул ойдо го. Кайдыгер, кошкөңүл болуп аткандарына караганда... Бирок бир төңкөрүштөн экинчи төңкөрүшкө чейин күн санап отуруу жашоо деле эмес го дейм...


Мирлан Дүйшөнбаев, активист: - Ошондо Конституциянын жаңы долбооруна каршы болгон элдин бир бөлүгү көөдөнү сокурлар болуп калдыбы?


Эльмира Мадиева, активист: - Жаны Конституцияга каршы чыккандар жана чыкпагандар! Эмне үчүн каршысыңар же эмне үчүн макулсуңар түшүндүрүп бергилечи? А то аны окубай эле, үстүртөн укканы боюнча кызыл чеке болуп аткандай сезилип жатат. Аргументтүү жооптор болсо ошол тараптамын.


Kalysbekk Kalysbek, Фейсбук колдонуучу: - Жаңы конституция С.Жапаровду бактылуу кылбайт, убактылуу кылат.


Тасиль Токтосунова, Фейсбук колдонуучу: - Точно! Элдин да башы айланып калды окшойт. Себебин түшүндүрүп өтүшсө болмок!


Асылай Атаханова, Фейсбук колдонуучу: - Эми төңкөрүштөн Кудай сактасын. Эл ак үйдү алып коюу аздык кылаарын түшүнүп калышты. Эми төнкөрүш болсо чиновниктердин үй жайына барыштан кайра тартпаган бир чоң ызы чуу чыкчудай. Ошого колубуздан келсе ынтымакка келип, кылган катачылыктарыбызды оңдогонго аракет кылыш керек.


Каныбек Мамараимов, Фейсбук колдонуучу: - Жаңы президент келген сайын өзгөртүлө берип Конституциянын да кедери кетип бүттү.


Жолдошбек Орозов, Фейсбук колдонуучу: - Юридика илиминин докторун башкартып кеңешме түзө коюшуп, улуттук кызыкчылыкты эске албай, жеке бир топтун кызыкчылыгы үчүн чампалаган Конституциянын келечеги жок. Элдин ою эки ача болуп турат башкача айтканда, кыргыз элинин түшүнүгү жетпей ар кандай талкуу жүрүүдө. Бирок, бул кабыл алына турган "ханституция" жакшылык жакка алып барбасын да айткандар көп.


Коомчулукта айтылган пикирлерге, ойтолгоолордун баарына көз чаптырсак, көбүнчөсү түшүнүксүз жазылганын, келечеги көпкө алып барбай турганын айтышкан. Канткен күндө да элдин ишеними өчкөн жок. Алдыда боло турган саясий иш-чара - шайлоолор, жалпы элдик добуш берүүлөр тынч, мыйзамдуу жана калыс өтсө экен деген тилектебиз.  



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Конституциянар елге емес ак уйго керек.Елге айлык иш орун озу уй було мал жан тынч болсо болду.Ушулардын саясий толку жок оюну качан бутот?