Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жаңы Конституция супер президенттик башкарууга алып барат

18.11.2020 09:30
688
Жаңы Конституция супер президенттик башкарууга алып барат


17-ноябрда түштөн кийин Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты демилгечи болгон Конституциянын жаңы долбоору парламенттин сайтына илинди. Көптөн бери эл күтүп жаткан Баш мыйзамда президенттин укуктары кескин кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.


Депутаттар сунуштаган бул Конституцияда президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле өлкө башчысы мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана беш жылга шайланат, бирок эки мөөнөттөн ашык эмес деп көрсөтүлгөн.


Ал эми Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, ал беш жылдык мөөнөткө шайлана турганы көрсөтүлгөн.    

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн