Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 03:57
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Жаңы Конституцияга ылайык парламенттик шайлоо кандай өтөт?

10.06.2021 12:01
1151
Жаңы Конституцияга ылайык парламенттик шайлоо кандай өтөт?


Ушул жылдын күз мезгилинде өлкөбүздө Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы үчүн шайлоо өтүшү керек. Бул жолку шайлоо 11-апрелде референдум аркылуу кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык өткөрүлөт. Демек, шайлоо системасы өзгөрөт. Депутаттардын саны 90 болот. Алардын 55и пропорционалдык система, же партиялык тизме менен, 35и мажоритардык система, же бир мандаттуу округдан шайланат. Дагы кандай өзгөрүүлөр болот? Кеп мына ушул тууралуу болмокчу. 


Саясий партиялар шайлоо системасынын эки түрүнөн тең өз талапкерлеринин көрсөтө алышат. Тактап айтсак, партиялык тизме менен да, бир мандаттуу округдан дагы. Бул Кыргызстанда параллелдик шайлоо системасы боло турганын түшүндүрөт. 


Бирдиктүү республикалык округдан сырткары, 35 бир мандаттуу округ ошондой эле шайлоочулардын саны менен болот. Борбордук шайлоо комиссиясы алдын-ала ошол округдардын номерлерин, алардын шайлоочуларынын тизмесин жана чектерин белгилеши керек. Добуш берүү күнү ким республиканын чегинен сырткары болсо, ал белгилүү бир округга кошумча жазылуунун негизинде добуш берет. 


Дагы бир жаңы өзгөчөлүк, мурда Жогорку Кеңештин депутаттыгына 21 жаштан тарта талапкер боло алса, эми ал жаш курак 25 жаштан жогору деп белгиленет. Анан дагы бир адам бир гана шайлоо округунан талапкер болуп көрсөтүлөт. 


Талапкер болуп көрсөтүлгөн адам мамлекеттик же муниципалдык саясий кызматкер болсо (президент, парламент депутаты жана жергиликтүү кеңештин депутатынан сырткары), ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык ишкананын жетекчиси болсо, талапкер катары катталганга чейин кызматтан кетиши керек. 


Талапкерлер өздөрүнүн кирешелери жана мүлктөрү тууралуу маалымат бериши шарт. Ошондой эле туугандарынын кирешелери жана мүлктөрү тууралуу маалымат, же өткөн жыл үчүн бирдиктүү декларациянын көчүрмөсү берилиши керек. 


Депутаттыкка потенциалдуу талапкерлер үчүн мыйзам долбоору шайлоо системасынын экөөсүнүн бирөөнөн көрсөтүлүүгө мүмкүнчүлүк берет. Же бир мандаттуу округдан, же бирдиктүү округдан, ошондой эле көрсөтүүнүн эки жолу: партия аркылуу, же шайлоочулардын жыйыны аркылуу.


Дагы бир өзгөчөлүк партиядан талапкер бирликтүү округ аркылуу да, бир мандаттуу округ аркылуу да аттана алат.  


Бирдиктүү шайлоо округу аркылуу талапкерлеринин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар 1 миллион сом күрөө коет. Бирдиктүү округ боюнча парламенттик шайлоого катышуу үчүн партия 3 пайыз республикалык босогону жана 7 пайыздык регионалдык босогону (ар бир облуста жана Бишкек, Ош шаарларында) өтүшү керек.


Саясий биримдиктер 55 адамдан көп эмес сандагы талапкерлеринин тизмесин бериши шарт. Ошону менен катар эле бир нече талаптар да бар:

1. Тизмеде бир жыныстагы талапкерлер 70%дан көп болбошу жана алардын кезеги эки позициядан ашпашы зарыл. 

2. 15%дан кем эмес талапкерлер 35 жаштан төмөн болушу шарт, алардын үчтөн кем эмеси алдыңкы 25тин ичинде болушу шарт. 

3. 15%дан кем эмес түрдүү этностордун өкүлдөрү жана алардын үчөө алдыңкы 25тин ичинде болот. 

4. Мүмкүнчүлүгү чектелген жактардан экиден кем эмес талапкер болушу жана алардын бирөө алдыңкы 25тин ичинде болушу керек. 


Өзгөчө көңүл бура турган жагдай, шайлоо босогосу 3% экен деп түшүнүп алуу туура эмес. Себеби, региондордо жана эки шаарда шайлоо босогосу 0,7 %ды түзүп жаткан соң, мыйзам долбоорунда жазылып тургандай жалпы мамлекеттик босого 3% эмес, 6,3% болуп калат. Демек, мына ушул жерде балким оңдой турган жагдай бар. 


Каралып жаткан мыйзам долбоорунда, эгерде бирдиктүү округдан шайланган депутат-аял мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшыра турган болсо, анын мандаты тизме боюнча андан кийин катталган аял-талапкерге берилет. 


Мыйзам долбоору боюнча бир жыныстагы талапкерлердин ортосундагы кезек партиянын тизмесинде эки позициядан ашпашы талап. Буга чейин үч позициядан ашпашы шарт болуп келген. 


Бир мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүүнү каалагандар аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылат. Бирок, ушул эле жетиштүү эмес. Анын талапкерлиги 100 шайлоочудан кем эмес шайлоочулардын жыйынында, алардын жарымысынан көбүнүн колдоосуна ээ болушу шарт. Бул факт текшерилет. 


Бир мандаттуу округдан талапкер партиядан же шайлоочулардын жыйынынан көрсөтүлгөнүнөн көз каранды эмес түрдө шайлоо күрөөсү катары 100 миң сом төлөйт. 


Шайлоочулардын жыйынында көбүрөөк добуш алган адам талапкер болот. Демек, жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жок экенине карабай талапкер боло бергиси келгендердин саны азаят. 


Ошондой эле бир мандаттуу округ боюнча талапкер 5%дан аз добуш алса, ал эми партиялар 1%дан аз алса, алардын шайлоого күрөөгө койгон акчалары кайтарылбайт. Эгерде талапкерди жана партияны каттоо жокко чыкса, же алар үчүн добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылса, мында да шайлоо күрөөсү кайтарылып берилбейт. 


Жаңы закон боюнча шайлоочу бир эле учурда эки система менен добуш бере алат. Шайлоо участогуна келген ар бир шайлоочу бирдиктүү округ жана бир мандаттуу округ боюнча эки бюллетень алат. 


Бирдиктүү округ боюнча бюллетенде саясий партиянын аталышы жазылат. Ал эми бир мандаттуу округ боюнча бюллетенде талапкердин аты-жөнү, туулган күнү, жылы жазылат. Бюллетенде партиялардын жана талапкерлердин кезеги чүчүкулак кармоо аркылуу аныкталат. 


Бир мандаттуу округда ошол аймакта катталган гана шайлоочу добуш бере алат. Ошол эле убакта паспорттогу жашаган жери тууралуу каттоо боюнча белги добуш берүү күнүнө жок эле дегенде үч ай калганда коюлушу керек. Шайлоочулардын болжолдуу тизмеси БШКнын сайтына добуш берүү күнүнө 80 күн калганда, ал эми шайлоо участкаларында 70 күн калганда жарыяланат. Эгерде шайлоочу шайлоочулардын тизмесинен өзүнүн маалыматтарын өзгөртүүнү кааласа, ал тууралуу аймактык шайлоо участкасына добуш берүү күнүнөн 15 күндөн эмес мурда кайрылышы керек. Ошентип шайлоочулардын акыркы такталган тизмеси участкаларга добуш берүү күнүнө 7 күн калганда илинет. 


Жаңы мыйзам долбоорунда байкабастыктан, этиятсыздыктан улам кылмыш жасап алып, эркинен ажыратылгандарга да добуш берүү укугу камсыздалган. Бул ОБСЕнин сунушу. Кыргызстандын аймагынан тышкары жүргөн шайлоочулар мурдагы шайлоодогулардай эле добуш беришет. 


Мыйзам долбоорунда шайлоодо добуштарды сатып алуу жана административдик ресурстарды колдонуу сыяктуу одоно бузууларга каршы катаал чаралар кабыл алынган. Эгерде кайсы бир партия, же талапкер тарабынан одоно бузуулар болсо, БШК ошол партия жана талапкер боюнча добуштардын жыйынтыгын жараксыз деп табууга укуктуу. 


Добуш берүүнүн жыйынтыгын добуш берилген күндүн эртеси да жокко чыгара алат. Мындай кырдаалда мыйзам бузган партияларга жана талапкерге берилген добуштар жокко чыгарылат. Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдө шайлоочулардын бул добуштары шайлоого катышты деп саналбайт. Бул башка партиялар жана талапкерлер алган добуштарды эсептөөдөгү пайыздык көрсөткүчтөргө таасирин тийгизет. 


Мунун баары партияларды жана талапкерлерди шайлоо мыйзамдарын бузбоого шыктандырат. Шайлоо мыйзамдарын бузган талапкер же партиялар кийинки Жогорку Кеңештин шайлоосуна катыша албайт. 


Дагы бир жагдай – домком, квартал, көчө башчылары бардык талапкерлерге жана партияларга бирдей уюштуруу иштерине жардам көрсөтүүсү шарт. 


Эгерде бир мандаттуу округдан шайланган депутат мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшыра турган болсо, анда ал округда эки айдын ичинде кайра шайлоо өткөрүлөт. Кайра өтө турган шайлоо парламентттин ошол чакырылышынын мөөнөтүнүн бүтөөрүнө 1 жылдан кем эмес убакыт калган болсо гана өткөрүлөт. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн