Бугу 12, 2024
Убакыт: 04:08
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Жаңы Конституцияга жаңы сунуш...

18.11.2020 10:44
691
Жаңы Конституцияга жаңы сунуш...
Тил тагдыры - Эл тагдыры!

Мамлекеттик тил саясаты – Кыргызстанда жашаган бардык адамдарды кыргыз тилинде мажбурлап сүйлөтөлү деген саясат эмес. Жок, кеп таптакыр анда эмес. Кеп мамлекеттик тил кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн негизи экендигинде. Биздин мамлекеттин Кыргыз Республикасы деп аталышы миңдеген жылдар бою “КЫРГЫЗ” деген атты бийик сактап келген элибиздин кызыкчылыгына, үмүт-тилегине жооп бере алганда гана өз маанисине ээ болот. Мына ушул чындыкты али да болсо түшүнө элекпиз.

Жаңылана турган Конституцияга Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча сунуш, тилге байланыштуу берене ушунай жазылсын:

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили – кыргыз тили.

2. Кыргыз Республикасы мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө жана толук көлөмдө колдонулушуна түздөн-түз кам көрөт.

3. Кыргыз Республикасынын Президентигине, Премьер-министрлигине, Жогорку Кеңештин депутаттыгына жана Төрагалыгына, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына, Жогорку жана жергиликтүү соттордун бийлеринин (судьяларынын) кызматордуна, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү жана эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрүнүн кызмат орундарына, ошондой эле мамлекеттик кызмат түзүмүнө кирген бардык кызмат орундарына талапкерлер мыйзам тарабынан аныкталган деңгээлде мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү.

3. Кыргыз Республикасы Кыргызстандын элин түзгөн бардык этнос өкүлдөрүнө эне тилин сактап калуу, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү укугуна кепилдик берет.


Эмилбек Каптагаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн