Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 04:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жаңы Министрлер кабинетин Акылбек Жапаров жетектеп, Ташиев орун басары болот

12.10.2021 12:32
761
Жаңы Министрлер кабинетин Акылбек Жапаров жетектеп, Ташиев орун басары болот

Кечээ коомчулукта Министрлер кабинетинин жаңы курамы түзүлөрү тууралуу кеп тараган.Ага ылайык, жаңы Министрлер кабинетин Акылбек Жапаров жетектей турганы айтылган.


24.кг агенттиги өздүк булактарына таянып, Министрлер кабинетинде бир топ өзгөрүү болорун жазып чыкты.

Министрлер кабинетин Акылбек Жапаров жетектейт. Анын биринчи орун басары болуп УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн кызматын сактоо менен орун басарлык кызматты аткарат.

Экономика жана финансы министрлиги мурдагыдай болуп экиге бөлүнөт. Экономика министрлигин Алмаз Бакетаев, Финансы министрлигин Данияр Амангелдиев аркалайт.


Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеевдин ордуна Президенттин Администрациясынын башчысы Сүйүнбек Касмамбетов барары айтылууда.

Ал эми Улукбек Марипов кайсы кызматка барары белгисиз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн