Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жаңы биометрикалык жалпы жарандык паспорттор апрелден тарта бериле баштайт

21.12.2020 10:37
1078
Жаңы биометрикалык жалпы жарандык паспорттор апрелден тарта бериле баштайт

Биометрикалык жалпы жарандык паспорттор 2021-жылдын апрель айынан тарта берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов пресс-конференцияда билдирди.


Анын айтымында, жаңы паспорттордо коопсуздук тутуму өркүндөтүлгөн.


«2015-жылы өкмөт биометрикалык электрондук паспортторду киргизүү боюнча чечим кабыл алган. 2016-жылы долбоор ведомстволор аралык комиссия тарабынан жактырылган. 2018-жылы бланктарды сатып алуу боюнча тендер өткөрүлдү. Соттук териштирүүлөрдөн улам, бул кечеңдетилген. 2019-жылы Жогорку Сот өткөрүлгөн тендерлерди белгиледи”, - деди ал.


2020-жылдын март айында ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, тендердин жыйынтыгында германиялык компания утуп алган. 2020-жылы май айында келишим түзүлгөн.


"Пандемия болгондуктан, жумуш онлайн режиминде жүргүзүлдү. Сентябрь айында долбоордун үлгүлөрүн даярдаганга жетиштик" - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн