Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 01:56
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Жаңы бийлик эскилердин тагдырын кайталабоо үчүн эмне кылышы керек?

19.01.2021 10:54
545
Жаңы бийлик эскилердин тагдырын кайталабоо үчүн эмне кылышы керек?


Жакынкы убакытта жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы өтүүсү күтүлүүдө. Шайлоочулардын дээрлик 80%дан ашуунунун добушу менен жеңишке жеткен шайланган президентке карата элдин үмүтү өтө чоң болуп турат. Ишке ашпаган убадалардан, кооз сөздөрдөн эл тажады. Өлө ичиндеги саясатта да, маданиятта да, деги эле бардык тармактардагы башаламандыктар, популизмдер, уятсыздыктар, коррупция, паракорлук, иштебей эле пиар жасоочулуктардын баарына карата чарчоо жана жадоо элдин алкымына чейин келип жетти. Эртеңки күн караңгы. Ошондон улам бүгүн жеп-жутуп, шапар тээп алалы дегендей эле жашоо пайда болду. Албетте, мындайды да ашынган шылуундар гана жасап жатат, ал эми карапайым эл карандай курсагынан да үнөмдөп жашоого аргасыз. 


Өлкөнү 15 жылга чукул башкарган Аскар Акаевдин түбүнө эмне жетти? Интеллигент, эл аралык деңгээлдеги илимпоз, академик президенттин өлкөнү өнүктүрүү багытындагы теориясы жакшы болчу. Кыргызстанды экинчи Швейцарияга айлантуу ниети бар эле. Тилекке каршы, курулай мактоолор, айга-күнгө теңөөлөр менен айланасына топтолуп алган кошоматчылардын туткунунан чыга албай калды. Кыргызстан үчүн, кыргызстандыктар үчүн иштей турган «Кумтөр» алтын кенин чет элдик шылуундардын колуна салып берди. Натыйжада алтын бизден казылып жатканы менен, байыгандар башкалар болууда. Кадр саясатын Майрам Акаева тейледи. СССРден калган завод-фабрикалар, колхоз-совхоздор тонолду. Менчиктештирүүнүн арты менен бир катар мамлекеттик мүлктөр азыраак гана жеке адамдардын колуна өтүп, калган миллиондогон жарандарыбыз алардын колун карап калды. Болбосо, анын баары жалпы элдин байлыгы эле. Кыргыздын кен байлыктары Кыргызстан үчүн иштесин, өлкөдө акыйкаттык жана адилеттүүлүк болсун, мамлекеттик чиновниктер алган айлыгына жараша жашасын деген элдин талабы бийликтин кулагына илинбеди. Эл менен бийликтин ортосунда кадимкидей ажырым пайда болду. Коррупция Ак үйдүн 7-кабатына чейин чыгып барды. Чиновниктер улам убакыт өткөн сайын күргүштөп байыса, карапайым эл улам жакырчылыктын сазына батты. Натыйжада 2005-жылдагы март ыңкылабы болуп өттү. 


Андан кийин келген бийлик да бат эле эл эмне үчүн бийликке каршы көтөрүлүп чыкканын унутту. К. Бакиевдин бийлигинин башкы катасы – бир туугандарын жана уулу Максимдин жетегинен чыга албай калганы болду. «Кумтөр» алтын кенин мамлекеттин кызыкчылыгына иштетүүгө кайтарып келүүнүн ордуна, кошумча 16,5 миң гектар жер берилип кетти. Бийликтин катачылыктарын айткандардын баарына саясий куугунтук жасалды. Рейдерлик баскынчылыктар болуп көрбөгөндөй күчөдү. Соттордун акыйкатсыздыгы, алардын коррупцияланышып кеткени тууралуу сөздөр абага илинген боюнча калды. Ошентип 2010-жылы апрель ыңкылабы орун алды. 


Андан кийин 1,5 жыл Роза Отунбаева өткөөл мезгилдин президенти болду. Бул мезгилде болуп өткөн окуяларды тарых өзү акырындык менен иликтеп алар. 


2011-жылдын соңунан тарта 2017-жылдын соңуна чейин өлкөнү Алмазбек Атамбаев башкарды. Акаев менен Бакиевден айырмаланып, мөөнөтүнүн аягына чейин отуруп, тынчтык жолу менен бийликти өткөрдү. Бирок, бийлиги соңуна чыккандан кийин анын убагында ири долбоорлордо ири коррупциялар жойлоп кеткени айтылды. Бул иштер тиешелүү укук коргоо органдарынын иликтөөсүндө гана айтылчу иштер. Анын башкы катачылыгы мамлекеттик жогорку кызматтарга шоопурун, жансакчыларын алып келип алганы болду. «Жаштарга орун берип жатабыз» деген лозунг менен диплому жасалмасы дагы, тажрыйбасы жогу дагы чоң кызматтарга отурду. Алардын айрымдары контрабанданы көзөмөлдөгөнү билинди. Мындай маалыматты азыр Атамбаевдин командасында жүргөндөр өздөрү эле бири-бирине каршы айтууда. Атамбаев бийликтен кетеринде өзүнө Кыргызстанда жок хансарайды куруп алганы (Кой-Таштагы), андан сырткары «Ала-Арча» резиденциясына да хансарай курдурганы элге жаккан жок. Алты жыл ичинде анын командасында жүргөндөрдүн көпчүлүгү күтүүсүздөн ченемсиз байып кетишкени да белгилүү болду. 


2017-жылдын соңунан бийликке келген Сооронбай Жээнбеков өлкөнү туптуура 3 жыл башкарды. 2020-жылдын 4-октябрында болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы жаралган нааразычылык митингинин натыйжасында бийликтен кетти. Ал бийликте отурган 3 жыл ичинде башкы тема Райым Матраимов болду. Бирок, бийлик тараптан ага каршы эч кандай чара көрүлбөдү. 


Ошентип октябрь тополоңунан кийин бийликке келген Садыр Жапаров эми шайлоонун жыйынтыгы менен толук кандуу өлкө башчысы болот. Буга чейинки президенттер да «Өткөндөн сабак алабыз» дешкен. Бирок, жетиштүү сабак алышпаганын мезгил өзү көрсөтүп койду. Эми толук кандуу сабакты Садыр Жапаров алышы керек. 


Биринчи кезекте жаңы президент өзүнүн кадрдык саясатын туура нукта алып кеткени оң болот. Көчөдө кыйкырып, өзүн-өзү ар кайсыл кызматка сунуштай бергендерди гана тандап отура берсе, анда алты жыл жалаң кыйкырыктар менен гана коштолуп жүрүп отурат. Өзүнүн убактылуу кызматтарга дайындаган кудаларын эми «Менин ишиме кийлигишпеңиздер» деп алысыраак кууш керек. Кудалык мамиле менен мамлекеттик ишти аралаштырбоо зарыл. 


Экинчиден, эл Садыр Жапаровду «Кумтөр» темасы менен көбүрөөк тааныган. Демек, аталган алтын кенинде алтындын канча запасы калса дагы, ал Кыргызстан үчүн иштей тургандар аракеттерди жарым жыл ичинде көрсөтүшү маанилүү. 


Азыркы тапта УКМК коррупцияга каршы күрөштү натыйжалуу жүргүзүп баштаганын коомчулук көрүп турат. Бул темпти жоготпой, улам күчөтүп туруу зарыл. Өлкөбүздөгү ар бир соттун мүлктөрү иликтенүүгө тийиш. Ар бир мамлекеттик чиновниктин байлыктары текшерилсин. Анан дагы Райым Матраимовго байланыштуу иштин уландысы кандай жүрүп жатканы боюнча коомчулукту улам маалымдар кылып туруу керек. 


Ар бир ишке аша турган ири долбоорлордун наркы коомчулукка адегенде ийне-жибине чейин түшүндүрүлүп берилгени туура болот. Жасалып бүткөндөн кийин түшүндүрүү кеч болуп кала турганын жакынкы тарых тастыктады. 


Эгерде кандайдыр бир олуттуу теманын алкагында нааразычылык митингдери өтүп калса, ага чыккан элди күч менен кубалоонун ордуна, президенттик аппараттан бирөө-жарымы чыгып, митингчилердин үнүн угуп койгону туура болорун да жакынкы тарых далилдеп турат. 


Эң башкысы мурдагы бийликтегилердин убагында да чарк айланып жүргөн «көпөлөк» саясатчылар менен «кызматташып» кетпегени маанилүү. 


Коррупцияга каршы реалдуу күрөш жүрө турган болсо, анын жемиши бат эле билинет. Мурдагыдай, азыркыдай болуп министр, депутат, агенттиктердин директору, сот болгусу келгендердин саны кескин азаят. Себеби, мындай кызматтарга баргысы келгендердин көбү кызматтык абалынан пайдаланып тезирээк байып алууну көздөгөндөр экенин эл билет. Ал эми коррупцияга каршы күрөш реалдуу жүрсө, анда мамлекеттик кызматтагылардын ар бири мыйзам алкагынан чыкпай иштөөгө тырышып калат. 15-20 миң сомдук айлыгы менен «Лексус-570» машинесин айдай албай калышат. 


Эл азыр Садыр Нургожоевичтен чечкиндүү кадамдарды гана күтөт. «Убакыт бергиле, 2-3 жыл керек» деген сооротуулар эми натыйжа бербейт. Эң эле узак дегенде бир жыл ичинде жогоруда айтылгандардын натыйжасын көрсөтсө болот. Андан кийин элдин ишеними дагы-да бекемдейт. Анда эл мурдагыдай оппозиция жагында болбой, бийлик тарабында болуп калат. Эл бийлик менен бирге болсо, анда бийлик эң күчтүү бийлик болуп саналат.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн