Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 14:12
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Жаңы бийликке күчтүү оппозиция пайда болду

07.01.2021 10:40
581
Жаңы бийликке күчтүү оппозиция пайда болду


6-январда коомдук биринчи каналда президенттикке талапкерлердин кезектеги теледебаты болуп өттү. Бул жолу да көпчүлүк күткөн, өзгөчө дебатка катышкан талапкерлер күткөн негизги талапкер Садыр Жапаров келген жок. Ошол эле убакта дебаттын алып баруучуларынын алмашып калганы жана дебаттын жүрүшүнүн тартибине Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан коюлган айрым чектөөлөр катышкан талапкерлердин дебаттын башында эле бурганактап алууларына себепчи болду. 


Теледебат аяктаган соң эле социалдык түйүндөрдө алып баруучулардын жаштыгы, тажрыйбасыздыгы жана суроолордун алдын-ала кимдир-бирөөлөр тарабынан даярдалгандыгы тууралуу посттор, комментарийлер кеңири жазылды. Бирок, биздин кеп кыла турганыбыз бул эмес. 


Дебаттын жүрүшүнөн жалпы жонунан бир олуттуу нерсе байкалды. 10-январдан кийин өлкө башына келе турган жаңы бийликке күчтүү оппозициянын даяр болуп калганы. Коомдук маанайга карап божомол жасай турган болсок, талапкерлердин ичинен дагы деле Садыр Жапаровдун жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү алдыда. Андыктан биринчи тур менен эле ал мамлекеттин президенти болуп шайланышы мүмкүн. Андан кийин бийлигин бекемдеп, ишти жөнгө салып кетүү үчүн оппозициянын түрдүү соккуларына даяр болушу керек. 


Кечээки теледебатка катышкан талапкерлер Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Курсан Асанов, Аймен Касенов, Эльдар Абакировдун жалпысынан алганда пикирлери бир жерден чыгып жатты. Бешөө тең бүгүнкү күндө мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо, конституциялык реформа боюнча референдум өткөрүүнү ойлонбой, өлкөнүн экономикасын ойлонуу маанилүү деген ойду айтышты. Пандемия шарты, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, өлкөдө мыйзамдуулукту орнотуу жаатында бир нуктагы пикирде болушту. Адахан Мадумаров эгерде президент болуп шайланып калса, анда ал өз командасын өзү менен чогуу атаандаш болгон талапкерлердин арасынан курай турганын да билдирди. Анын айтымында талапкерлердин арасында жаңыча ойлоно алган, билимдүү, өлкөнүн оор жүгүн кошо көтөрүшүүгө жарай турган мыктылары бар. Канат Исаев менен Адахан Мадумаровдун да бири-биринин пикирин коштоп турганын байкоого болду. 


Буга чейинки болуп өткөн теледебаттарда да көпчүлүк талапкерлердин бирдей позициясы билинген. Демек, 10-январда Садыр Жапаров жеңишке жетип, бийликке келе турган болсо, аны тынч отургузбай турган күчтүү оппозиция азыр эле даяр. 


Садыр Жапаров өзү да убагында оппозициячыл саясатчы болгон. Оппозицияда болуу кандай экенин өзүнүн жон териси менен сезген. Андыктан ал оппозициячыл катары өзү көргөн куугунтуктарды өзүнүн оппоненттерине жасабайт деген ишеним бар. Экинчиден, өлкөдө күчтүү оппозициянын бар болгону бийлик үчүн да жакшы. Себеби кайсыл жерден жаңылып, кайсыл жерден чалынганы баратканын оппозиция көзгө сая көрсөтүп турат. Бийлик оппозициянын коюп жаткан талаптарына, сунуш-демилгелерине өз убагында көңүл буруп, негиздүүлөрүн аткарып, негизсиздерине негиздүү жооп берип турса эле өлкөдө тынчтык жана стабилдүүлүк болот. Бардык башаламандыктар, тополоңдор бийликтин оппозициянын айткан бардык талаптарына, сунуш-демилгелерине таптакыр көңүл бөлбөй койгонунан улам келип чыгып жатканы белгилүү. Тополоң болуп кеткенден кийин көңүл буруу – бул кечиккендик болуп калаарын жакынкы тарыхтар тастыктап турат. 


Баса, 6-октябрдагы теледебатта талапкер Канат Исаев Садыр Жапаровдун дарегине байланышкан өтө олуттуу кептин учугун чубап койду. «Менин кесиптешим Адыл Жунус уулу Кытайда туулуп-өскөн, жогорку билимди да ошол жактан алган. Учурунда Кытайдын губернаторунун кызына үйлөнгөн, азыр күйөө баласы ошол жакта губернатор. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандыгын алып, депутат болгону менен бизнесинин баарында кытай фирмалары турат экен. Аларды мен документ түрүндө тастыктайм. Кытай менен кол үзбөгөн адам азыркы негизги талапкер менен бир болуп, Ибраимов көчөсүндөгү имаратты чогуу курганбыз деп жатат. Улуттук коопсуздук кызматтын кызматкерлери мага «Ал адам Кытайдын атайын кызматтарына иштейт» деп ачык эле айтып жатышат. Ошондой адамдар менен өнөктөш болгон адам кантип мамлекетти башкарат? Эгерде азыр элибизде шек жаралса, анда муну комиссия түзүп, текшериш керек», - деди ал. 


Мындай маалымат албетте коомчулукта реакция жасай алат. Андыктан Садыр Жапаров тез аранын ичинде, колунан келсе бүгүн-эртеңден калбай тиешелүү жообун берүүсү зарыл. Себеби, бул 10-январда өтө турган президенттик шайлоонун жыйынтыгына да таасир этип калышы мүмкүн. 


Дагы бир маселени талапкер Аймен Касенов көтөрүп чыкты. Анын айтымында Токтогул ГЭСин камсыздоочу суу сактагычта «Электр станциялары» ишканасынын берген маалыматы боюнча 12 млрд куб метр суу бар. Бирок, ал кече эле ошол суу сактагычта болуп кайтканын, ал жактагы суунун көлөмү болгону 7-8 млрд куб метр гана калганын билдирди. «Эң төмөнкү чеги 6 млрд куб метр. Ага жетип калса, турбиналары иштебей калат. Бул биз азыр технологиялык катастрофанын алдында турагыныбызды эскертким келет», - деди ал. 


Бул маселе да талапкерлердин кызуу талкуусун жаратты. «Эмне үчүн мурда жеткиликтүү эле болуп келаткан суу сактагычтагы суу булар бийликке келгенден кийин кескин азайып кетет? Эмне кайрадан тезек жагабызбы?» деген маанидеги пикирлерин билдиришти талапкерлер К. Асанов жана К. Исаев. 


Мына ушул жагдай боюнча да Садыр Жапаров жана анын командасы тез аранын ичинде так жооп берип койгондору эп. 


Кандай болгон күндө жаңы президенттин күчтүү оппозициясы пайда болгону билинди. Күчтүү оппозиция – бул күчтүү камчы. Бийликтин катачылыктарга жол бербей иштөөсү үчүн ушундай күчтүү оппозициянын болгону туура. Болгону аларды душман тутуп алуудан алыс болуу керек.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн