Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жаңы чакырылыштын алгачкы жыйыны качан өтөрү белгилүү болду

16.12.2021 11:09
664
Жаңы чакырылыштын алгачкы жыйыны качан өтөрү белгилүү болду

Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин депутаттарынын алгачкы жыйыны эки жума ичинде өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова  28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялагандан кийин билдирди.


Парламенттик шайлоо аралаш системада өтүп 36 округдан 34 депутат, партиялык система боюнча 54 депутат шайланды.

Жогорку Кеңешке 6 партия 5 пайыздык босогодон өттү.


Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин биринчи жыйынын парламенттин жаш курагы боюнча эң улуу депутат ачат. Улуу курактагы депутаттардын тизмесинин сап башында "Ынтымак" партиясынан талапкер Шарапаткан Мажитова турат. Ал 66 жашта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн